Ош облусундагы «Абдыжапар» Ислам институнун бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылдык аймагында «Абдыжапар» Ислам институнун бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды. Бүтүрүүчүлөр  жалпысынанан КМДБ тарабынан бекитилген бирдиктүү окуу программасынын негизинде 4 жылдык окутуудан өтүшүп, аларга «Араб тили жана шарият» адистиги боюнча квалификациясы ыйгарылды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмардар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик Турсунбеков, Ош облустук мусулмандар казыятынын фатва жана үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси   Марат уулу Баястан, «Абдыжапар» Ислам институтунун проректору Алтынбек Туйчиев, институттун эмгеке жамааты жана бүтүрүүчүлөр катышты.

Иш-чара маркум Молдо Шакир ажыга жана мурдагы билим берүү министри, маркум Каныбек Исаковдун урматына карата Куран окуу менен башталып, андан соң облус  казысынын орун басары Ханафий мазхабы жана Матуриди акыйдасынын маанилүүлүгүнө токтолуп, бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалады.

Максатыбыз диний тармактарда Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасы боюнча терең окутуп, элибизди, өзгөчө жаштардын ар  кандай агымдарга кирип кетпөөсүнүн  алдын алуу, замандын талабына ылайык заманбап  ар тармакта кызмат өтөгөн жарандарга ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткиликтүү кылып түшүндүрүү. Мындан ары институттун өсүп-өнүгүшүнө ар дайым салымыбызды кошуп, квалификациялуу адистерди көбөйттүүгө болгон күчүбүздү жумшайбыз», — деди Нурбек кары Орунбаев.

Ал эми Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик Турсунбеков бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди  каалап, билимди ушуну менен эле чектеп койбоо керектигин билдирди.