Ак-Буура Чыгыш жана Батыш хатибиятынын имамдары менен ИИМ кызматкерлери диний абалды талкуулашты

Бүгүн, 8-декабрда «Калкожо Эшан» мечитинде Ош шаарынын Ак-Буура Батыш хатибиятынын имамдарына жыйын болуп, тыюу салынган экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү, 2014-2020- жылдарга карата Кыргыз Республиканын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы боюнча аткарылган иштер талкууланды.

Жыйынга ИИБнын подполковниги Манас Аманбаев, эксперттер тобу, Ош ШИИБнин 10-бөлүмүнүн кызматкери Шумкар Жамылов, Ак-Буура Батыш  хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов жана имамдар катышты.

«Жаш бутак тез ийилет. Жаштар экстремисттик уюмдардын куралы болуп калбоосу керек. Андыктан жаштарыбызга туура багытты көрсөтүшүбүз зарыл», — деди Манас Аманбаев.

Ал эми Ак-Буура Ак-Буура Батыш хатибиятынын баш имам хатиби терс диний агымдардын алдын алууда дин кызматкерлери бардык күч аракеттерин жумшап, дин кызматкерлери бул жаатта калк арасында түшүндүрүү жана агаруу иштерин алып барып жаткандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, ушундай эле иш-чара кечээ, 7-декабрда Ак-Буура Чыгыш хатибиятында өткөрүлгөн.