Баткен облусунун казысы “Баткен медиа” борборунун директору менен жолугуп, Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Бүгүн, 8-декабрда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов “Баткен медиа” борборунун башкы директору Алим Токторов менен жолугушту.

Жолугушууда облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов коомчулукту ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка, тазалыкка жана ыйман, адепке чакырууда радио жана телевидениенин орду чоң экендигин  белгилеп, бул жаатта бир топ жылдан бери Баткен казыяты менен тыгыз  кызматташып келген Баткен облустук телеканалынын салымы эбегейсиз экендигин баса белгилеп, 8-декабрь Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Ошондой эле кесиптик майрамга карата Ислам динибизди жайылтууга элибиздин биримдиги, ынтымагы жана руханий жактан өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана жигердүү ак эмгеги үчүн «Ислам маданияты» телеберүүсүнүн алып баруучусу Эргалы Мураталиевге Баткен казыятынын ардак грамотасын жана белектерин  тапшырды.

Белгилей кетсек,  Баткен облустук мусулмандар  казыяты менен «Баткен ТВ» телеканалы биргеликте  бир топ жылдан бери “Ислам маданияты” берүүсүн  жума сайын эфирге чыгарып келет.