Лейлек райондук хатибияты жыл жыйынтыгын чыгарды

Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы  Дүйшөев аймактагы имамдарга жыйын өткөрүп, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  жана казыят тарабынан жиберилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалыматтарын укту.

Ошондой эле имамдар жыйындын алкагында жыл жыйынтыгын чыгарышып, жетишкендиктер менен кемчиликтерге токтолушту.

 Ал эми Лейлек районунун баш имам хатиби ар бир имам өз ишине жоопкерчиликтүү болуусу керектигин айтып, алардын сунуш-пикирлерин укту. Муну менен катар имамдардын диний билимин жогорулатуу максатында  окуу уюштуруп,  алардын ишин жакшыртуу багытында  атайын чечим кабыл алышты.