Базар-Коргон райондук хатибияты борбордук базардагы эт сатуучулар менен жолугушуп, шарияттагы мал союнун эрежелерин түшүндүрүштү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибиятынын эмгек жамааты райондогу  борбордук базардын эт сатуучулары менен жолугушуп, мал союнун шарияттагы эрежелерин түшүндүрүштү.

“Биз соода тармагында иштеген ишкерлер менен пикир алышып, шариятыбыздагы соода-сатык маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бул сапар атайын эт сатуучуларды кыдырап, малды шариятка ылайык союу, элибизге адал жана таза азык тартуулоосун  эскертүүдөбүз”-деди баш имам хатиб Тынчтыкбек ажы Шаиков.

Муну менен катар баш имам хатиб соода кылуунун шарияттагы орду, тазалыкты сактоо, адал ырыскы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.