Баткен районунун имамдарынын билимин жогорулатуу курсу башталды

Баткен облустук мусулмандар казыятынын 2020-жылдагы иш мерчемине ылайык, 8-декабрь күнү Баткен райондук хатибияты менен биргеликте Баткен районунун имамдарынын диний билимин жогорулатуу курсу башталды.

Курс алкагында имамдарга зарыл болгон акыйда, хадис, фыкх, сабактарына басым жасалат. Сабактарды казыяттын жана Баткен райондук хатибиятынын адистери өтмөкчү.

«Имам – бул адамдарды туура жолго чакырган, жамандыктан кайтарган, аларга насаат айткан, муктаждарга туура кеңеш берген, билбегенин үйрөткөн, кайдигерликтен куткарып, туура жол көрсөткөн, диний кызматкер, элди жетектөөчү адам болуп саналат. Ошондуктан имамдардын билимин ар тараптуу жогоруулатуу максатында бул иш-чара уюштурулду»,- дейт Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов

Окуу курсунун бул баскычына Баткен районунун 30 имамы катышты. Ал эми  калган имамдар кийинки баскычына чакырылат. Ошондой эле окуу курсунун жыйынтыгы менен курска катышкан имамдарга  атайын сертификаттар тапшырылат.