Баткенде «Адам жаны аманат» аталышындагы апталык иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу жана Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасы менен Баткен облусунун  Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларында жана Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда «Адам жаны аманат» аталышындагы апталык иш-чара КР ИИМдин Баткен облундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы биргеликте уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты жол кырсыгынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө адам өмүрү баалуу экендигин, жол кыймылынын эрежесин сактоо милдеттүү экендигин айтып, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакыруу менен маалыматтык түшүндүрүү ишин жүргүзүүгө багытталган.

Уюштурулган иш-чара өзүнүн жакшы натыйжасын берип, жол кырсыктарынын азайышына салым кошоорун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан сырткары жөнөкөй жарандар да  баса белгилешти.

 Ал эми «Адам жаны аманат» аталышындагы иш-чаралар мечитерде жана массалык маалымат каражаты аркылууда ишке ашырылгандыгын Баткен казыятынын маалымат катчысы билдирди.

 «Облус аймагындагы жума намазы окулуучу мечиттерде «Адам жаны аманат» темасында баяндамалар айтылып, жергиликтүү «Баткен ТВ» жана «Салам медиа»  массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле  жүргүнчүлөрдү ташуучу автобекеттерде, ири көчөлөрдө такси айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү»,- дейт облустук казыяттын мааалымат катчысы Фуркат Авлиёев