«Ош» эл аралык аэропортунда кызмат өтөгөн такси кызматкерлерине адамдын жаны аманат экендиги эскертилди

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Абу Бакр Сыддык» мечитинин имамы Хадис ажы Нурматов Ош эл аралык аэропортундагы айдоочулар үчүн атайын түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Хадис ажы Нурматовдун айтымында  учак аркылуу ордолуу ош жергесине келген конокторду алып жүрүүдө такси кызматтары чоң жоопкерчиликке ээ. Андыктан айдоочуларга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү учурдун талабы экендигин билдирди.

«Чет өлкөдөн келген конокторго жана жарандарыбызга жакшы мамиле кылып, үйлөрүнө аман-эсен жеткирүүдө айдоочулар чоң жоопкерчиликке ээ. Андыктан маданияттын эң бир башаты болгон аэропорттун жанындагы автобекетте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, меймандарга бийик адеп-ахлакты көрсөтүү керектигин эскерттик» — деди мечит имамы.

Эскерте кетсек, 7-декабрь күнү Мажүрүмтал мечитинин кызматкерлери  «Адам жаны аманат» аталышындагы апталык иш-чарасын Ош-Бишкек, Ош-Алай-Чоң Алай жана Ош-Папан каттамдарына дагы уюштурушуп, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.