Талас облусунда «Адам жаны аманат» аталышындагы апталык иш-чарасы өткөрүлдү

Дин кызматкерлеринин «Адам жаны аманат» аталышындагы айдоочуларга жол эрежесин так сактоого чакырган апталык иш-чарасы Талас шаарындагы Талас — Бишкек, Талас — Ош каттамында иштеген кичи автобус айдоочуларына жүргүзүлдү.

Бул иштин башында облус казысы Таалай ажы Бапиев, Медер ажы Сагынбаев жол жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга бир катар насааттарын айтышып, ар бир адамдын жаны аманат экенин баса белгилешип, жол эрежесин сактоого чакырышты.

«Сактанганды Кудай сактайт. Алланын берген жанына кыянат кылбайлы. Сиздер дайым жолдо жүрөсүздөр «жол азабы, көр азабы» дегендей ар кандай кырдаалдар болуп калат, ошого даяр болушубуз керек. Жүргүнчүлөрдүн жаны сиздердин колуңуздарда. Андыктан ошол жүргүнчүлөрдү айткан жерине аман-эсен алып барып, аманатыңыздарды адал ниетте аткарыңыздар. Ошондо кырсык азаят»,-деди Таалай ажы Бапиев.