Жумгалда имамдын демилгеси менен муктаждарга акысыз көмүр таратылды

Нарын облусунун Жумгал районунун Дыйкан айылында айылдык имамдын демилгеси менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылып берилди. Бул тууралуу аталган айылдын имамы Тилек Сабырбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Дыйкан айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кышкы суукта көмүр отуну менен камсыздоо маселесин көтөрүп чыккан. Имамдын демилгеин аталган айылдын жаштары дагы колдоого алышкан.

«Биздин айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча айыл жаштары менен чогулдук. Жумгал районундагы «Шарбон» көмүр кесиминен  жалпысынан 150 тонна көмүр алынып келинди. Бүгүнкү күндө биздин айылга түшүрүлгөн көмүрдү муктаж болгон үй-бүлөлөргө ташып кетишүүдө. Демилгени колго алган айыл жаштарына терең ыраазычылык билдирем»,- деди айыл имамы.