Нарын казыятынын бухгалтери Борбордук текшерүү комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Нарын облусунун мусулмандар казыятынын бухгалтери Орозобек Жунушов Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын борбордук текшерүү комиссиясынын Ардак грамотасына татыды. Сыйлыкты БТКнын мүчөсү Бакыт Нурдинов тапшырды.

Сыйлык динибизди элибизге жайылтууда, калктын биримдигин, ынтымагын арттырууда, ошондой эле Нарын облусу боюнча эсеп-кысап иштерин жөнгө салганы үчүн берилген.

«Ар бир кылган ишиңиздин үзүрүн көрүп, ак эмгегиңиз арта берсин! Сизге бекем ден соолук жана көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз»,- деди Бакыт Нурдинов.