Кубан ажы Бекешов: «Адам жаны аманат»! Сөз менен эмес, жоопкерчилик менен иш жүзүндө сезе билүү керек


Токмок шаары боюнча жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык, акыркы 11 айдын ичинде шаар ичинде 86 жол кырсыгы катталып, 9 адам мерт кетсе, 113 адам ар кандай жаракат алышкан.

Салыштырмалуу өткөн жылы ушул эле мөөнөттүн ичинде 78 жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болгон. Чындыгында, бул сандар жарандарды кейитпей койбойт.

Мындай көрүнүш мамлекетибиздеги бардык жолдордо катталып жатат. Эми ушундай көрүнүштүн алдын алуу максатында Чүй казыятынын тапшырмасы менен облус боюнча «Адам жаны Аманат» апталык иш-чарасын өткөрүп жатат.

Бул иш-чара алгач КМДБ тараптан демилгеленип, мамлекетибиз боюнча масштабтуу түрдө уюштурулуп жатат. Иш-чара алкагында айдоочуларга түшүндүрүү менен биргеликте, эскертме катары атайын маалымдамалар таратылууда.

Айдоочуларга түшүндүрүү иш-чарасы облустук деңгээлде Бишкек-Торугарт каттамында өтүп, казыяттын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов, Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов жана Токмок ШИИБ боюнча ЖККБ башчысы Болот Мурсалиев башында турушту.

«Туура, жыргагандыктан унаасы барлар таксист болуп иштеп жаткан жок. Бирок, бул кааландай айдап, жол эрежесин сактабоого эч кимге укук бербейт. Ошондуктан адам жаны аманат экенин сөз менен эле айтып койбостон, жоопкерчилик менен сезе билүү керек», — деди казыяттын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов.

Белгилей кетчү нерсе, «Адам жаны аманат» акциясы облус боюнча бардык шаар жана райондордо өтөт. Азыркы тапта Жайыл, Ысык-Ата, Аламүдүн, Кемин, Чүй жана Токмок хатибияттарында өткөрүлдү.