Ысык-Көлдүн имамдары билимин жогорулатып жатышат


 
Имамдардын билимин жогорулатуу аракеттери Ысык-Көл облусунда да жүрүп жатат . Бул багытта Ысык-Көл облустук казыятынын үгүт-насаат жана билим берүү бөлүмү менен Жети-Өгүз районунун хатибияты  атайын кыска окуу курстарын уюштуруп, ханафи масхабынын негизинде сабактарды өтүүдө.

Аталган иш-чарага бардык район, шаарлардан 12 имам чакырылып, окуу сабагы Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын борбордук мечитинде окуп жатышат.

5-декабрда башталган окуу курсу туура 10 күнгө созулуп,  жыйынтыгында катышуучуларга  тийиштүү сертификаттар тапшырылат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Талгат Соноев билдирди.

“Бул окуу курсу облустук казыят тарабынан демилгеленген. Учурда иш-чараны Жети-Өгүз районунун хатибияты менен биргеликте өткөрүп жатабыз. Иш мерчемине ылайык катышуучуларга  ханафи масхабына тийиштүү китептер боюнча  фыкх, шарият илими, акыйда, дубалардын мааниси жана Куран тажвид менен Куран тафсирден сабактар өтүлмөкчү»,-деди Талгат Соноев.

Белгилей кетсек, окуу учурунда коронавирус эпидемиясына байланыштуу бардык санитардык эрежелерге шайкеш өткөрүлүп, аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, антисептик  колдонуу сыяктуу талаптар аткарылууда.

Ушундай эле иш-чара башка район, шаарларынын хатибияттарында да өткөрүү пландалууда.