Куттубек ажы Дүйшөбаев: Жүздө айдаба, жүзгө чык


Чүй облусунун Кемин райондук хатибияты жергиликтүү жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте, район тургундары үчүн кызмат көрсөткөн айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, КМДБ жана Чүй казыяты тараптан демилгеленип жаткан «Адам жаны аманат» апталык иш-чарасын өткөрүштү.

Аталган иш-чара жол кырсыктарын алдын алуу жана жалпы элге Кудай Таала тараптан адам баласына, анын жаны аманат катары берилген экенин эскертүү максатта уюштурулуп жатат. Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев жол эрежесин сактоо шариятыбыздын талабы экенин айдоочуларга түшүндүрүп, бир катар насааттарын айтты:

«Кырсык бул каш-кабактын ортосунда деп бекер айтылган эмес. Айдоочулар башкаларга караганда кырсыкка бир карыш жакыныраак болот. Ошондуктан, «Жүздө айдаба жүзгө чык» деген ураан менен жалпы унаа айдоочуларга түшүндүрүү иш-чарасын уюштурдук. Жол эрежесин сактоо шариятыбыздын талабы. Аны аткарбастан, тартиптен чыккандар бул дүйнөдө да, акыретте да жооп берип калышы мүмкүн»,-деди баш имам хатиб.

Эске сала кетсек, «Адам жаны аманат» акциясы жалпы республика боюнча жүрүп жатат.