Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев «Жолугушуу маданияты: пандемия маалындагы диний этика» деген темадыгы онлайн жыйынга катышты


Кечээ, 10-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев «Жолугушуу маданияты: пандемия маалындагы диний этика» деген темадыгы онлайн жыйынга катышты.  

Иш-чара Россия Федерациянын мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын Азирети Муфтийлери, Түркия, Египет, Иран, АКШ, Тунис, Азербайджан, Франция жана башка мамлекеттин дин өкүлдөрү катышты.

Онлайн форматтагы конференция улуу мусулман ойчулу Абу-Наср ал-Фарабинин 1150 жылдыгына карата уюштурулган.

Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Абу-Наср ал-Фарабинин Ислам дини үчүн жасаган эбегейсиз эмгегин эскерип, улуу даанышман инсандын эмгектери таберик бойдон кала берээрин баса белгиледи.