Кош-Дөбө айылында жергиликтүү жаштар мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жергиликтүү жаштар айылдагы мечитти оңдоп-түзөшүүдө. Бул тууралуу Кош-Дөбө айылынын имамы Жаманак Карабаев билдирди.

Анын айтымында, мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө айыл  жаштар тарабынан акча каражаты чогултулуп, ага откана, даараткана жана жуунуучу жай менен кошо жылуулук системасын (отопления) коюшууда.

«Айылдагы мечитти оңдоп-түзөө иштерин жергиликтүү жаштар өз демилгелерине алып жасашууда. Алсак, 1996-жылы төрөлгөн балдар акча каражатын чогултуп, мечитин ичине 70 метр килем алып беришти.  Кудайым буюрса мечитибиз толук капиталдык ремонттон өткөрүлгөн соң гана пайдаланууга берилмекчи»,- деди айыл имамы.