Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби окуучуларды адептүүлүкө чакырды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков аталган шаардагы №8-орто мектебинин 9-классынын окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабда Майлуу-Суу шаардык хатибиятынан билдирди.

Абсатар ажы окуучуларга жолдо жүрүүнүн адептери, ыйман боюнча баяндамасын жасады.

Баш имам хатибтин айтымында, мектеп директору Алтынбү Мамырбаева жакында боло турган ата-энелер чогулушуна да катышып берүүнү өтүнгөн.

“Мына балдар эң үлгүлүү  мугалим биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз болгон. Биздин эже-агайларыбыз пайгамбарыбыздын жолун жолдоочулар болуп эсептелет. Себеби пайгамбарыбызга окшоп адеп-ахлакты, тарбияны, илимди үйрөтүшөт. Ошондуктан эже-агайларыбызды урматтап, жакшы мамиле жосообуз керек”,-деди Абсатар ажы