Эрик Молдокулов Нарын облусунун казысынын орун басары болуп дайындалды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин макулдугу менен, Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Мамбетасан Ибраевдин буйругу менен Нарын облусунун казысынын орун басары  Молдокулов Эрик Тыныбекович дайындалды.

Молдокулов Эрик Тыныбекович 1985-жылдын 15-январында Нарын облусунун  Кочкор районунун Комсомол айылында туулган.

Билими: 2003-жылы Комсомол айылындагы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектебин бүтүрүп, 2004-жылы Кыргызстан Ислам университинин араб тили жана шарият факультетине тапшырып 2009-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган. Экинчи билим катары 2014-жылы  С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин Тарых факультетине тапшырып, 2019-жылы аяктаган.
Билген тилдери: Араб, түрк тилдери

Эмгек жолу: 2011-2014-жылдары Нарын медресесинде мугалим, мүдүр;

2012-2016-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
2014-жылдан баштап Нарын шаарындагы “Саад ибн Абу Ваккас”  мечитинин имам-хатиби;

Үй-бүлөлүү: 4 баланын атасы