Ысык-Көлдө дагы бир имамга “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү автоунаа белекке берилди

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын тургуну Чыңгыз Турготов жергиликтүү мечиттин имамы Кылыч Орозбактиевге өз ыктыяры менен  “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү автоунааны белекке берди.

Муну менен катар дагы бир айыл тургуну баасы 7 миң сом турган унаа оңдоочу ачкычтардын топтомун белек кылган.

“Кылыч Орозбактиевдин имамчылык кылып келгенине болжол менен 13 жылдын жүзү болуп калды. Эмгеги сиңген имамга мындай белектин ыйгарылышы жагымдуу кабар. Буга чейин Ак-Суу менен Жети-Өгүз райондорунда  да жергиликтүү жаштар имамдарга автоунаа белек кылышкан экен. Менимче  Чыңгыз Турготов да ошолордон таасирленди. Мындан улам имамдардын эмгегин баалгандар көп болсун деген тилектемин”,—деди Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев.

Белгилей кетсек, өлкө аймагындагы мечиттердин имамдары айлык албай эл кызматын аркалап келишет.