Нарын облусунун аймагында «Адам жаны аманат» аталышындагы иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Нарын облусунун бардык райондорунда жана Нарын шаарында «Адам жаны аманат» аталышындагы иш-чара өткөрүлүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу жана Нарын облусунун мусулмандар казысы Мамбетасан ажы Ибраевдин тапшырмасы менен Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор, Жумгал Нарын району жана Нарын шаарында уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты акыркы убакыттарда жол кырсыгынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө адам өмүрү баалуулугун, жол кыймылынын эрежесин сактоо милдеттүү экендигин айтып, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакыруу менен маалыматтык түшүндүрүү ишин жүргүзүүгө багытталган.

«Адам жаны аманат» аталышындагы иш-чара Нарын облусундагы бардык мечиттерде жума баяндары  жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу ишке ашырылган.

«Нарын облусундагы бардык жума  намазы окулуучу мечиттерде «Адам жаны аманат» темасында баяндамалар айтылды. Ошондой эле жергиликтүү «Нарын ТВ» жана башка  массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары жүргүнчүлөрдү ташуучу автобекеттерде,  такси айдоочуларына дагы жеринде жолдо жүрүүнүн шарияттагы орду эскертилди»,-деди облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев.