Чүй казыяттын иш башкармасы ден соолугунан мүмкүнкүлүгү чектелген жарандардан кабар алып, азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөттү


Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун демилгеси менен, казыят жана райондук хатибияттардан каражат топтолуп, Токмок шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү.

Аталган иш-чараны Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов уюштуруп, Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине 10 миң сом жана күнүмдүк азык-түлүк, Чүйдөгү жетим жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын жатак мектебине 10 миң сом жана Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине 10 миң сом акчалай жардам берилди. Ошону менен катар Токмок шаарындагы колу жука 3 үй-бүлөгө 2 миң сомдон тапшырылды.

«Жараткан Аллах Таала адам баласын ар түрдүү кылып сынайт экен. Кээ бирине байлык берсе, кээ бирин кедей кылат, айрымдарына бийлик берсе, айрымдардын болсо мүкүнчүлүгүн чектеп коет. Биз булардан сабак алып, Кудай Таалага шүгүр кылышыбыз керек. Казыят жана хатибият болуп муктаждарга бир аз жардам көрсөттүк. Бул да болсо башкаларга түрткү болот деп ишенебиз»,-деди Кубан ажы Бекешов.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин малыматына ылайык, мамлекетибизде 178 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашашат. Алардын 30 миңге чукулу 18 жашка толо элек жаш өспүрүмдөр.
Албетте, алакандай болгон элибиздин арасында мындай көрүнүш ойлондурбай койбойт. Ошондуктан, колубуздан келишинче муктаждарга жардам колун суналы.