Талас облусунда “Адам жаны аманат” аталышындагы иш-чара уланууда

Талас облусунун Бакай – Ата, Кара — Буура райондорундагы айдоочуларга райондун баш имам хатибтери “Адам жаны аманат” аталышындагы апталык иш-чарасын өткүрүштү.  Иш-чарага жол коопсуздугун алдын алуу  инспектору жана жергиликтүү имамдар катышышты.

Анда дин кызматкерлери жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга жол коопсуздугун, жол эрежелерин так сактоого чакырышты.

“Азыркы кыш мезгилинде жол эрежелерин так сакталбагандыгы үчүн жол кырсыктар көп болууда. Урматтуу айдоочулар жүргүнчүлөрдүн жаны аманат. Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жол эрежелерин так сактап, этият менен айдоо ар бир айдоочунун милдети”, — деди баш имам хатиби Үсөн Жороев.

Ал эми  Кара – Бууранын баш имам хатиби Ислам Куматаевдин айтымында, кырсыктарын көпчүлүгү айдоочулардын шалаакылыгынан, жол эрежелерин так сакталбагандыгынан келип чыга турганын, андыктан ар бир унааны башкарган адам өз коопсуздугун ойлошу керектигин баса белгиледи.