Бишкекте алгач ирет курман айт майрамына карата чоң масштабдагы иш-чара өтөт

Улуу Курман айт майрамынын келишинин урматына 23-августта “Курман айт маарек болсун!” аттуу чоң масштабдагы майрамдык иш-чара болот.

“Умма” ислам журналынын редакциясы сизге терең урмат көрсөтүү менен 23-августта саат 17:00до Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багына (10-кичи район, Түштүк Дарбазалары)  “Курман айт маарек болсун!” аттуу майрамдык иш-чарага чакырат.

Бул иш-чарада сиздерди өтө кызыктуу программа күтөт.

Атайын эркектер, аялдар жана балдарга бөлүнгөн интерактивдүү аянттар уюштурулуп, ал жерде улуттук оюндар, спорттук мелдештер, акысыз мастер-класстар, кызыктуу конкурстар уюштурулмакчы. Иш-чаранын активдүү катышуучуларына жана оюндун жеңүүчүлөрүнө белгилүү дүкөн, компания жана бренддерден белектер менен сертификаттар ыйгарылат. Ошондой эле, иш-чаранын коноктору түрдүү даамдар менен сыйланып, атайын алар үчүн орнотулган кооз фотозоналарда эстен кеткис сүрөттөргө түшсө болот.

Бул иш-чара коммерциялык эмес мүнөздө болуп, анын башкы максаты шаар тургундарына позитивдүү, майрамдык маанай түзүү болуп саналат.

Мындай иш-чаралар түрдүү конфессия жана улуттар арасында диалог үчүн көпүрө болуп, достук мамилелерди чыңдоо, маданият алмашууга түрткү берет. Курман Айт, Орозо Айтка арналган ушул сыяктуу социалдык иш-чаралар “Умма” журналы тарабынан 3 жылдан бери өткөрүлүп, өзүнө тынчтык, позитивдүүлүктү камтыган уникалдуу долбоор катары жылуу кабыл алынып келет. Бул жылкы иш-чара “Умма” журналы жана бир нече демилгелүү ишкерлер, фонддор жана жарандар тарабынан уюштурулууда.

Курман Айтка арналган мындай иш-чара ордолуу Ош шаарында да, 22-августта саат 17:30 да «Алымбек Датка» эс алуу багында уюштурулмакчы.