Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусуна жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушту

Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусуна жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев менен жолугушуп, аймактарды өнүктүрүү жылына карата казыят тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, мусулмандардын улуу курман айт майрамына карата көрүлгөн даярдыктар жана айт күнү муктаждар үчүн кайрымдуулук иштерин уюштуруу боюнча маалымат берип, облус казысы Акылбек Осмоналиевди кызмат орду менен куттуктады. Эки тараптуу жолугушуунун акырында облус казысы КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусуна жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевдин ишине ийгилик каалап, Жараткан Алла Тааланын сөзү болгон Куран китебин белек кылды.