Баткен облусунун казысы Кадамжай районундагы имамдарга жыйын өткөрдү

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Кадамжай шаарындагы борбордук “Ал Бухари” мечиттинде Кадамжай районунун имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйынга укук коргоо кызматкерлери менен райондун баш имам хатиби жана 150 имам катышты.

Жыйындын алкагында Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, имам Аль Матуридий акыйдасы боюнча Ханафий мазхабын бекемдөө, калк менен жүргүзүлгөн иштер (жаштар, аялдар), жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттешүү, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттер,садака-битирди туура, так жыйноо жана бөлүштүрүү, мечиттерде өрт коопсуздугун сактоо сыяктуу бир катар оорчундуу маселелер каралды. Облус казысы имамдардын жыл башынан бери аткарылып жаткан иштеринде ийгиликтер көп экендигин айтып, аткарган жакшы иштерине ыраазычылык билдирип, жетишпеген кемчиликтерди жоюга өзгөчө көңүл буруу менен басым жасоого чакырды.   Муну менен катар имамдар өздөрүнүн сунуш-пикирлерин дагы айтышып, суроолоруна жооп алууга да мүнкүнчүлүк түзүлдү.