Ош шаардык мусулмандар казыятынын бухгалтери Билал ажы Надыров БТКнын Ардак грамотасы менен сыйланды

Ош шаардык мусулмандар казыятынын бухгалтери Билал ажы Надыров Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын «Ардак грамотасы» менен сыйланды.

Сыйлыкты Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Жунус ажы Саранов тапшырып, Билал ажыга мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

«Динибизди элге жайылтууда, калктын биримдигин, ынтымагын арттырууда, ошондой эле Ош шаары боюнча мечиттердин эсеп-кысап иштерин жөнгө салууда жана казыяттын ишмердүүлүгүн жакшыртууда кылган кызматтары үчүн терең ыраазычылык билдирем», — деди Жунус ажы Саранов.

Айта кетсек, мындан эки жыл мурун Билал ажы Надыров КМДБнын Ардак грамота менен сыйланган.