Ош облусунун казызысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев Араван районунда курулуп жаткан хатибияттын курулуш иштери менен таанышты

Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев Араван районунда жаңы салынып жаткан хатибияттын курулуш иштери менен жеринде таанышты. Ага Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов катышты.

 «Араван районунда расмий диний идара жок болгондуктан ар кандай ижарага берүүчү имараттарда иштеп келишет. Эми болсо Алибек ажынын демилгеси менен хатибият салынууда. Жараткан Аллах өзү жардам берип, имаратыбыз тез арада пайдаланууга берилүүсүн насип кылсын», — деди Нурбек кары Орунбаев.

Имарат 2 кабаттан 6 бөлмөдөн турат. Ошондой эле 1 чоң жер төөлөсү бар.

«Диний идарабызды колубуздан келишинче сапаттуу курууга аракет кылуудабыз. Курулуш иштери жакынкы күндөрдө бүтөт. Буюрса тез арада расмий ачылыш аземин кылмакчыбыз», — деди Алибек ажы Жусупов.