Кант шаарында көп балалуу 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды


Чүй облусунун Кант шаардык хатибияттын демилгеси менен «Джами Джадид» мечиттин жааматы каражат топтоп, шаар ичиндеги көп балалуу жана жетим 50 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды.

Бул иш-чара Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун тапшырмасы боюнча ишке ашып, ага Кант шаарынын баш имам хатиби Пазыл ажы Абдырахманов хатибият кызматкерлери менен биргеликте кызмат кылышты.

Иш-чара алкагында ар бир үй-бүлөгө 5 каптан көмүр таратылып, орто эсеп менен 15 миң сомдон ашуун каражат сарпталган. Пазыл ажы Абдырахманов өз сөзүндө иш-чарага көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.

«Садака – балээни кайтарат. Ким кандай ой-максатта жардам берген болсо, Жараткан Аллах Таала ошол максатка жеткирген болсун. Албетте, көп түкүрсө көл болот демекчи, жааматыбыз бир аздан каражат топтоп, муктаждарга аз болсо да жардам колун сундук»,-деди Пазыл ажы Абдырахманов.