Араванда 300 орундуу жаңы Ислам-Абад мечити пайдаланууга берилди

Ош облусунун Араван районуна караштуу Чек-Абад айылдык аймагында 300 орундуу жаңы Ислам-Абад мечитинин ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, Араван районунун башкы има хатиби Алибек ажы Жусупов, Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев, жергиликтүү имамдар, бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Мечит жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынып, бардык талаптарга жооп берет.

Иш-чара алгач маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң Ош облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев айыл тургундарын жаңы мечити менен куттуктап, демөөрчүлөргө Ош облустук казыятынын ыраазычылык баракчасын тапшырды.

«Жаңы мечиңиздер куттуу, берекелүү болсун. Мечит куруунун сооптору эбегейсиз. Пайгамбарыбыздын бир хадисинде (с.а.в) ‟Ким Алланын ыраазычылыгы үчүн мечит курса, Алла Таала аларга бейиштен касыр сарай даярдайт” деп келет. Мына ошондуктан соопту башкаларга алдырбай өзүбүздө сактап калалы. Мындан сырткары суу чыгаруу, жол салуу, көпүрө куруу, билим берүү ж.б.у.с тармактарда сооптуу иштерди жасоо маанилүү», — деди Нурбек кары Орунбаев.

Ал эми Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков айыл тургундарын жаңы мечити менен куттуктап, буларга токтолду.

«Баарыбызга жаңы мечит кут болсун. Мечиттин сырткы  кооздугу бүттү. Эми болсо ички кооздугу калды. Тактап айтканда мечиттин ичин толтуруу, ар кандай диний көйгөйлөрдүн мечитте чечилүүсү бул ички кооздугу болуп саналат», — деди Абдималик Турсунбеков