Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев дин кызматкерлерине сертификаттарды тапшырды

Кечээ, 14-декабрь күнү Жалал-Абад шаарында аталган шаардын имамдарынын катышуусунда Жалал-Абад шаардык хатибияты жана облустук казыят тарабынан уюштурулган 3 күндүк окуу семинары аяктады. Семинардын жүрүшүндө имамдарга адашкан агымдар, динде чектен ашпоо, сүткорлук, тажвиддин илимдеги орду боюнча бир катар маалыматтар айтылды.

Семинарга Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев имамдарга  “Динде чектен ашпоо” деген теманын алкагында баяндамасын жасап, соңунда катышуучуларга сертификаттарды тапшырды.

Иш-чара Жалал-Абад облустук казыяты, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Жалал-Абад шаардык хатибиятынын колдоосу менен ишке ашырылды.

“Имам деген сөз арап тилинин “амама” деген сөзүнөн алынып, «алдыда жүрүүчү» дегенди түшүндүрөт. Демек имамдар намазда эле алдыда болбостон балким, жашоонун бардык тармагында алдыда болуусу абзел. Мисалы: адеп-ахлакта, үй-бүлө менен, туугандар менен, кошуналар менен, коомчулук менен жана башка баары менен мамиле кылууда, ошондой эле соода-сатык, карыз мамилелеринде  үлгү көрсөтүүсү керек”,-деди Жоробай ажы.