Ысык-Көлдөгү 12 имам билим деңгээлдерин жогорулатышып, облустук казыяттын сертификатына ээ болушту

Кечээ, 15-декабрда Ысык-Көл облусунун мусулмандар казыяты  уюштурган  жергиликтүү имамдардын билимин жогорулатуу багытындагы  кыска мөөнөттү окуу курсу аяктады. Аталган иш-чарага облус аймагындагы бардык район, шаарлардан 12 имам катышып, 10 күн катары менен Ханафий мазхабы, фыкх, акыйда боюнча билимдерин жогорулатып,  ыйык Куранды тажвид эрежеси менен окууну үйрөнүштү. Кыска мөөнөттүү курсту аяктаган дин кызматкерлерине  казыят тарабынан атайын сертификаттар даярдалып, имамдарга тапшырылды.

«Ар бир инсан билимин дайыма жогорулатып туруусу зарыл. Инсан изденүү менен адектенип, дайыма жаңы маалыматтан кабардан болушу маанилүү. Кыргыз элибиз бекеринен “Билимдүүгө дүйнө жарык”-деп айтпаса керек. Ошондуктан билим алам деп келген кадамдарыңыздарга Алла Таалам эселеген соопторун берсин», — деди  облустук казыяттын жооптуу катчысы Жунус Дюшеков.

Ал эми казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Талгат Соноев  катышуучуларга ийгиликтерди каалап, алган билимдерин башкаларга  жеткирүүгө чакырды.

“10 күн аралыгында иш мерчеминде белгиленген сабактарды өтүп, маалыматтарды жеткирүүгө аракет кылдык. Жыйынтыгы жаман эмес. Эми алган билимди токтотпостон улантып туруу керек,”—деди Талгат Соноев.

Эске салсак,  өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык санитардык эрежелер эске алынып, аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, антисептик  колдонуу сыяктуу талаптар толугу менен аткарылган.