Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Баткен облусуна барып, жергиликтүү эл жана облустагы дин кызматкерлери менен жолукту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин өрүкзаарлуу Баткен облусуна расмий иш сапары менен барып, Баткен шаарындагы «Абу-Бакр Сыдык» атындагы мечитте  жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Эл менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий  «Ислам дини», «Ата-энени сыйлоо», «Достук» темаларында баяндамасын жасап, жергиликтүү тургандарды ынтымактуу болууга чакырды.

 Андан соң Азирети Муфтий облустук казыяттын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, өлкөдөгү абалга жараша мечит, медреселерде КР Өкмөтү жана КМДБ тарабынан бекитилген тартипти, сактык эрежелерди бекем сактоо боюнча тапшырмаларды берилип, эл арасында ынтымакты бекемдөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү керектигин билдирди.

Казыяттын кызматкерлери, райондун баш имамдары жана жалпы дин кызматкерлери функционалдык милдеттерин так аткаруусу милдеттүү. Нике каттоо журналы менен ар бир имам кылдат иш алып барсын. Бул үй-бүлө институтунун бузулуусуна жол бербейт. Ошондой эле үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуубуз керек жана бул боюнча атайын иш-чараларды өткөрөлү! ”,-деди Азирети Муфтий.

 Белгилей кетсек, иш-чарага  КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору  Акин Токталиев, Борбордук Текшерүү комиссиясынын  мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов,  Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана башка дин кызматкерлери катышты.