Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жалалов Жаныбек Махматалиевич менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Баткен облусуна болгон иш сапарынын максатын айтып, аймактагы диний кырдаал талкууланды.
Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, облустук казыят жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруусу керектигин билдирди.
Жолугушууга КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Акин Токталиев, БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов, Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана Азирети Муфтийдин түштүк аймагы боюча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов катышты.