КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин демилгеси менен эркектер арасында атайын сынак өттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин демилгеси менен эркектер  арасында атайын сынак өттү.

Иш-чаранын башталышында КМДБнын Орусиядагы өкүлү билимди инсан күнүгө алып туруусу керектигин, илим аркылуу инсандын жан дүйнөсү агара тургандыгын билдирди.

Сынак алкагында фыкх китебинен:

  • Даараттын 4 парзы.
  • Даараттын 13 сүннөтү
  • Даараттын мустахабдары
  • Дааратты буза турган нерселер
  • Гусулдун 3 парзы
  • Гусулдун 7 сүннөтү
  • Гусулду ваажип кылуучу нерселер
  • Гусул алуу сүннөт болгон убакыттар
  • Суунун өкүмдөрү
  • Таямум
  • Таямумдун эрежелери
  • 40 парзды чечмелөө
  • Маасыга масх тартуу

Муну менен катар Куранды тажвид эрежеси менен окуу боюнча дагы өз күчтөрүн сынап сынашты.

«КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгү жарандарыбызга  Ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүүдө бардык аракеттерди көрүп, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча атайын окууларды уюштуруп келебиз. Чет жерде жүргөн жарандарыбыз ар кандай терс диний агымдарын тузагына илинип калбоосу үчүн дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Москва шаарында иштеп жана окуп жүргөн мекендештер арасында өткөн сынактын жыйынтыгында атайын белек-бечкектер таратылып, катышуучулар ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, ушундай эле сынак буга чейин кыз-келиндер арасында уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер таратылып берилген.