Борбордук мечитинин айланасындагы дүкөн, ашканалардын келишимдеринин мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу кайрадан конкурс жарыяланат

Бишкек шаарынын Борбордук мечитинин айланасындагы бардык павильон, дүкөн, ашканалардын келишимдерин жаңылап, ишмердүүлүктөрүн тартипке келтирүү  боюнча түзүлгөн комиссия жарыя кылат.

Жарыя!

  1. Бишкек шаарынын Борбордук мечитинин айланасындагы бардык павильон, дүкөн, ашканалардын укуктук жактан келишимдерин жаңылоо жана келишимдердин колдонуу мөөнөттөрү аяктаган ашканалар боюнча конкурска катыша тургандар 2020 жылдын 15 — декабрынан баштап 25 — декабрына чейин арыз түрүндө билдиришсин.
  2. Конкурс 2020 жылдын 28 — декабрында саат 11: 00до башталып, ошол күнү эле жыйынтыгы чыгарылат.
  3. Конкурска катыша тургандар төмөнкү документтерди тапшырышсын:

—         эски келишимдин көчүрмөсү

—         паспорттун көчүрмөсү

—         арызы

—         сунуштары, долбоорлору ж.б.

  1. Документтер А-4  форматтагы конвертке салынып, чапталып Муфтияттын №16–кабинетине тапшырылсын.