Исламда диний толеранттуулук

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын

Ислам сөзүн арабчадан которгондо «тынчтык» деген мааниси да бар. Бул дин Улуу Алланын рахматы, мээрими катары адамзатты бактылуулукка, тынчтыкка жеткирүү үчүн жөнөтүлгөн. Алла Таала Курани Каримде бардык инсандарды мээримдин, ырайымдын, ынтымактын жана тынчтыктын модели болгон Исламга чакырган.[1] Бүгүнкү күндө исламга каршы күчтөр динибиз менен терроризмди байланыштырууга аракет кылып келе жатканы жашыруун эмес. Ырасында, терроризмдин динибизге ийненин көзүнчөлүк да жакындыгы жок. Исламият – толеранттуулук принцибин карманат. Буга өтө көптөгөн аргументтер бар.

Азирети Мухаммед пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өмүр таржымалына көз жүгүрткөнүбүздө, анын инсан намысын коргоп, аны бийик тутканына күбө болобуз. Инсандар, мейли мусулман, мейли мусулман эмес болсун, жыйынтыгында бир ата, бир эненин балдары. Алла Таала өз китебинде башка макулуктарга караганда инсанды жогору кылып жаратканын баяндайт:

وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنٓي اٰدَمَ وَحَمَلْنَاهُمْ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ وَرَزَقْنَاهُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَفَضَّلْنَاهُمْ عَلٰى كَثيرٍ مِمَّنْ خَلَقْنَا تَفْضيلاً ﴿٧٠﴾

«Чынында биз адам перзенттерин башка макулуктардан улук кылып, кургактагы жана деңиз үстүндө(гү нерселерге) мингизип, таза-пакиза нерселерден ырыскы бердик жана Өзүбүз жараткан көп нерселерден бир кыйла абзел-жогору кылып койдук».[2]

Бул аят инсандын канчалык бийик макулук экенин тастыктап олтурат. Адамдын Алла алдында өз жоопкерчиликтери бар. Себеби адам  эркиндиги, акыл-парасаты менен жаратылган. Динибиз адамдардын байлыгынын аз-көптүгүнөн, келбеттүүлүгүнөн эмес, такыбалыгы менен гана айырмаланарын билдирген. Ошондой эле, адамды адамзатка гана таандык болгон адеп-ахлак деген баалуулук башкаларынан өзгөчөлөп турат. Азирети Мухаммед (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун), инсанды көңүл борборуна алып, ислам дининин сыртындагы инсандарга да жакшы мамиле жасоону, кайрымдуу болууну буюрган. Күндөрдүн биринде Азирети Мухаммед пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жана сахабалардын жанынан жаназа (маркум) өтөт. Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) урмат кылып, ордунан турганда сөөктүн жөөт болгонун айтышат. Алланын Элчиси: «Ал да инсан эмеспи?», – деп жооп берген.[3]

Азирети Мухаммед пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кошунага да чоң маани берген жана «Коңшусу ач жатканда ток жаткандар бизден эмес» деген.[4] Муну менен Алланын Элчиси коомдук баалуулукка абдан көңүл бурганы белгилүү. «Алланын алдында коңшулардын эң мыктысы – коңшусуна эң жакшы мамиле жасаганы» деген.[5] Демек, коңшу ким жана кандай ишенимге ээ болгонуна карабай, ага жакшы мамиле кылуу сунушталат. Мындан сырткары Ыйык Куранда бир канча жолу кездешкен зекет жана садага амалдары (инфак) да социалдык теңдикти камсыздоо жана жардамдашуу экенин билебиз. Инсандын табиятында жардам берүү, мээрим төгүү, боорукерлик деген асыл сапаттар бар. Ислам дини жок жерден өкүм кылбайт. Ар биринин зор мааниси жана хикматы бар.

Ислам дининин социалдык жашоого дайыма көңүл бөлгөнүн мечиттерде жамаат менен намаз окууну буюрганынан, жума намазын жамаат менен окууну милдет кылганынан эле баамдасак болот. Себеби, Алланын дини – эң улуу жана ынтымактыктын, биримдиктин, достуктун дини. Мына ушундай чыныгы, таза, улуу динди кармангандар башка диндегилерге (кайырдиндерге) катаал мамиле жасашы мүмкүн эмес. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мусулман болбогон бейтаптардын абалын сураганы, оорусу күчөгөндө абасы Абу Талибди зыярат кылганы боюнча риваяттар бар.[6]

Исламдын эң өзгөчөлүгү катары өз динине мажбурлап киргизбейт. Себеби Куран-ы Керимде:

لَٓا اِكْرَاهَ فِي الدّينِ…

“Динде мажбурлоо жок…”[7] деп апачык билдирилген. Бирөөнү күч колдонуп динге киргизүү чынында туура эмес нерсе. Башка дин ээлери динин таратуу жана кабыл алдыруу үчүн түрдүү жолдорго барганын билебиз жана канчалык кан төгүп, шаарларды кыйратканын тарых тастыктайт. А Ислам дининде мындай ыкма дээрлик колдонулбаган деп айта алабыз. Анткени адамдын ишеними кол тийгис. Эгерде күч колдонулуп, кан төгүү менен динге чакырса эч кандай адилеттүүлүк болбойт. Тескерисинче мажбурлоо, кан төгүү, өкүм зордук кылуу күнөө иш деп бааланып, жазага тартылат.

Исламдын негизги принциптеринен бири – адилеттүүлүк болуп саналат. Бул туурасында Курандагы аяттардын кээ бирлерине токтолсок;

اِنَّ اللّٰهَ يَأْمُرُكُمْ اَنْ تُؤَدُّوا الْاَمَانَاتِ اِلٰٓى اَهْلِهَا وَاِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ اَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ اِنَّ اللّٰهَ نِعِمَّا يَعِظُكُمْ بِه اِنَّ اللّٰهَ كَانَ سَميعاً بَصيراً ﴿٥٨﴾

“Алла силерге аманатты өз ээлерине берүүнү жана өкүмдар болгон убагыңарда адилеттик менен башкарууну буйрук кылат. Алла силерге кандай сонун акыл-насаат гана айтат. Шек-күмөнсүз Ал бүт нерсени көрүүчү жана угуучу”.[8]

سَمَّاعُونَ لِلْكَذِبِ اَكَّالُونَ لِلسُّحْتِ فَاِنْ جَٓاؤكَ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ اَوْ اَعْرِضْ عَنْهُمْ وَاِنْ تُعْرِضْ عَنْهُمْ فَلَنْ يَضُرُّوكَ شَيْـٔاً وَاِنْ حَكَمْتَ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِالْقِسْطِ اِنَّ اللّٰهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطينَ ﴿٤٢﴾

Эгер өкүм чыгарсаң калыстык менен өкүм бер. Алла адилет болгондорду сүйөт” (Маида, 42).

لَا يَنْهٰيكُمُ اللّٰهُ عَنِ الَّذ۪ينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ اَنْ تَـبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُٓوا اِلَيْهِمْ اِنَّ اللّٰهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطينَ ﴿٨﴾

“Алла силер менен дини үчүн согушпагандарга жана силерди өлкөсүнөн кууп чыкпагандарга жакшылык кылууңарга жана (ошондой эле) аларга адилеттик менен мамиле жасооңорго тыюу салбайт. Алла адилеттүүлөрдү сүйүүчү”.[9]

Жогорудагы Куран аяттарын окуганда эле исламдын зордукчу дин эмес экени, адилеттикке басым жасаганы байкалат. Бул дин ислам чек арасынын ичинде жашаган башка дин ээлерине да эркиндик берген. Алар каалагандай ибадат кылып, каалагандай ритуалдарын  аткара алышат эле. Керек болсо Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзү да алардын сыйынуучу жайына тийбеген. Ибадатканаларына, монастырларына жашынган кайырдиндерге кол салууга каршы болгон. Сахабалары жана халифалары бул принципти карманышкан. Бул себептүү аскер башчыларга эч кандай ыйык жайларга, монастырларга тийбөө боюнча эскертилген. Мусулмандар каратылган аймактардын каада-салттарын сыйлашкандыктан, алар өздөрү каалагандай диний жөрөлгөлөрдү өткөрө алышкан.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир гана мусулмандарга эмес, бүтүн инсаниятка адилеттик кылууну буюрган. Көп хадистеринде адилеттикке кайра-кайра басым жасалган. Отуздан көп хадисинде Ислам мамлекетинде жашап, коопсуздугу кепилденген башка диндердин (муахид) укугу туурасында сөз кылган.

“Кимдир бирөө муахиддерден бирөөнү өлтүргөн болсо бейиштин жытын да жыттай албайт. А бейиш жыты 40 жылдык аралыктан жыттанат”.[10]

“Ким муахидди өлтүргөн болсо, ага Алла бейишин арам кылат”.[11]

“Улуу Алла бул дүйнөдө башкаларга зулумдук кылгандарга зулумдук кылат”.[12]

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ар убак ислам коомунда жашаган кайырдиндердин малын, жанын, намысын, эркиндигин жана бейпилдигин коргогон. Ислам коомунда жашаган зыммийлерге (мусулман эместерге) эч ким кол сала алган эмес. Алар ошол себептүү гана салык төлөшкөн.

Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жөөттөр менен болгон мамилеси өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Дин элчисинин башка дин ээлери менен болгон мамилеси тууралуу сөз кылып жатканда, иудаизм динин кармангандар менен болгон карым-катнашын эстебей коюу болбойт. Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Меккеден Мадинага көч кылгандан соң Бану Кайнука, Бану Надир жана Бану Курайза аттуу еврей уруулары менен аймактардын укуктары жана милдеттери тууралуу келишимге кол коёт. Бул макулдашууда жөөттөр Азирети Мухаммедди (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) саясий жактан колдоо аркылуу мусулмандар менен бирдей укукка ээ болушкан.[13] Кийинчерээк келишимди бузуп,  Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) баштаган мусулмандарга кыянатчылык кылып, баш көтөрүү менен ички бүтүндүккө доо кетиргени үчүн Медина аймагынан кууп чыгарылган. Бирок Азирети Мухаммед (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жөөт жана христиандарды ахл-и китап (ыйык китеп ээлери) деп билип, аларга жакшы мамиле жасаган. Канчалык аларга жакшы мамиле жасаса да, алар тескерисинче Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) алыстай беришкен. Көпчүлүк мединалык уруулар ислам динин кабыл алып жатканда да еврейлердин дээрлик көпчүлүгү мусулман болушкан эмес. Себеби алардын ишениминде еврейден башка улуттардан пайгамбар болушу мүмкүн эмес эле…

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) эки еврей аялга үйлөнгөн. Алар Бану Надир уруусуна тиешелүү болгон Сафиййа бинт Хуйай жана Райхана бинт Зайд эле. Шариятыбызда момун киши ахли китаптан болгон аялга үйлөнө алат.

Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) христиандар менен болгон мамилеси да ар тараптуу жана орток кызыкчылыктарга ылайык болгон. Исламияттын алгачкы оор жылдарында Эфиопияга көчүүгө аргасыз болгон мусулмандар христиан падышасы Нажашинин коргоосуна алынган. Азирети Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) еврей жана христиандарга жасаган өзгөчө толеранттуу мамилеси азырга дейре өрнөк болуп келет. Курани Каримде:

وَلَا تُجَادِلُٓوا اَهْلَ الْكِتَابِ اِلَّا بِالَّتي هِيَ اَحْسَنُ اِلَّا الَّذينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ وَقُولُٓوا اٰمَنَّا بِالَّـذٓي اُنْزِلَ اِلَيْنَا وَاُنْزِلَ اِلَيْكُمْ وَاِلٰهُنَا وَاِلٰهُكُمْ وَاحِدٌ وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ ﴿٤٦﴾

 «Китеп ээлери менен эң жакшы мамиле кылгыла. Жана да дегиле: «Бизге жана силерге түшүрүлгөнгө (китепке) ишенебиз. Биздин кудайыбыз да, силердин кудайыңар да бир. Ага баш иебиз» (деп айткыла)»,[14] деген аят-ы карима да буга далил. Мындан сырткары азирети пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) египеттик Марям аттуу христиан күңгө үйлөнгөн.

Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) башкаларга жакшы мамиле кылуу туурасында эң сонун принцип калтырган. Анын «Мен көркөм адеп-ахлакты толуктоо үчүн жөнөтүлдүм», деген хадиси[15] көп нерсени туюндурат. Демек, кооз адеп-ахлак мусулманга да, мусулман эмеске да бирдей көрсөтүлөт. Улуттар аралык достук бүт дүйнө муктаж болгон маселе. Азирети Пайгамбарга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Алла тарабынан инсандарга мээримдүү болуу, достукту, бир туугандыкты жогору тутуу, жакшы мамиле кылуу буйрулган. Демек, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) коңшуну боорго тарткан, алар үчүн дуба кылган, дүйнөлүк жана акыреттик маселелерде жоомарт болгон, абийрин эч качан төкпөгөн.

Христиан болгон нажрандыктар Мадинага келишип, мечитке дигер намазынан кийин киришет. Ибадат убактылары болуп, мечит ичинде сыйынуусун баштаганда сахабалар тоскоол болгулары келишет. Бирок, азирети Пайгамбар (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аларды токтоткон. Ошондо христиандар Чыгышка карап, ибадаттарын ээн-эркин кылышкан.

Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мусулмандар менен жашаган зыммийлерге жакшы мамиле кылууну, коргоону, муктаж болгон убактыларында жардам берүүнү буйруган. Халифалык мусулман-зыммий деп бөлбөй, бирдей, тең укукта башкаруу саясатын жүзөгө ашырган. Мамлекет кедей болгон мусулмандарга жана зыммийлерге каралашып, социалдык абалын чыңдоого жоопкер болгон. Себеби, Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Баарыңар чабансыңар, караган нерсеңерге жооптуусуңар», – деген болчу.[16]

Зыммийлер кадимки мусулмандардай эмгектенүү жана акы алуу укугуна ээ болгон. Келишим боюнча иштеп, алган айлык акыларын каалагандай иштете алышкан. Экономикалык, эмгектик укуктары мусулмандар менен бирдей каралган. Соода-сатыкты эркин жүргүзүп, карызга алып же бере алышкан. Бир гана пайызга (процент), ичимдик жана доңуз этин сатуу сыяктуу коомго зыяндуу иштерди аткаруусуна тыюу салынган. Мусулман коомунда жашаган зыммийлер кесип тандоодо, салт-санааларын аткарууда, иштөөдө болушунча эркин болушкан.

Ал эми Ислам динин таратуу маселесине келсек. Таблиг маанилүү өкүм болгондуктан,[17] мусулман Алла Тааланын улуу динин кулакка угумдуу, жүрөккө жугумдуу болгон хикматтуу, жылуу-жумшак сөздөр менен жеткириши зарыл. Бул Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) дин жеткирүүдөгү ыкмасы болуп саналат. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): (Исламды жеткирүүдөжеңилдеткиле, оорлоштурбагыла, сүйүнчүлөгүлө, жек көрсөтпөгүлө», – деп буюрган.[18]

وَلَا تَسُبُّوا الَّذينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللّٰهِ فَيَسُبُّوا اللّٰهَ عَدْواً بِغَيْرِ عِلْمٍ كَذٰلِكَ زَيَّنَّا لِكُلِّ اُمَّةٍ عَمَلَهُمْ ثُمَّ اِلٰى رَبِّهِمْ مَرْجِعُهُمْ فَيُنَبِّئُهُمْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ ﴿١٠٨﴾

«Алардын Алладан башка жалбаргандарын сөкпөгүлө, анан алар да билбестен чектен чыгып, Алланы сөгүшпөсүн. Биз ар үммөткө кылган иштерин ушундай кооз кылып көрсөттүк. Акыры Роббилерине кайтып келишет. Ал аларга эмне кылгандарын айтып берет».[19]

Мусулмандар Алладан башка кудайларга жалбаргандарды, сыйынгандарды сөгүп‑сагып, жахилдик кылып, алардын Алланы сөгүүлөрүнө себепкер болбошу керек. Т.а, аларды сыйынган нерселери себептүү, алар тарабынан урматталган нерсени аралаштырып, мисалы, «Сыйынган нерселериң менен куурап кал!» же, «Диниңер мындай, тигиндей…» – деп жаман сөз айтуу, алардын жан‑дүйнөлөрүнө, сезимдерине кордук көрсөткөндөй болуп калат. Алар да ачууланып, билбегендери себептүү, так эле мусулман колдонгон сөздөрдү колдонуп, чектен чыга Алланы сөккөн болуп саналат. Момундар бул сөгүүгө себепкер болуп калуудан качышы керек. Демек, момундар алардын капырдыктарын, ширктерин сөгөбүз деп жатып, өз динине да так ошондой жаман сөздүн айтылышына себепкер болуп калбашы зарыл.

Жыйынтыктап айтканда, башка диндегилердин ыйык туткан нерселерин сөгүү исламий адеп-ахлакка туура келбейт. Башка диндегилерди же динсиздерди исламиятка чакырууда эң жакшы сөздөрдү айтуу абзел. Себеби, эң жакшы динди эң жакшы жеткиргенге не жетсин. Адашкандардын өзүн эмес, балким адашкан жолун жек көрүү туурадыр. Кандай болгон күндө да, башка диндегилерге толеранттуу мамиле жасоого аракет кылуу зарыл. Бирок, бул дегенибиз аларды баарынан артык көрүп, ашкере урмат кылуу дегенге жатпайт. Биздин жолубуз, оюбуз, чечимдерибиз Ыйык Куран[20] жана сүннөткө[21] дал келүүгө тийиш. Тагыраагы, биздин динибизге кара санап, тынымсыз душмандык кылган тараптар көңүлдөн сырт калбоого тийиш…

Ислам – толеранттуулуктун дини. Биздин бардык аракетибиз ислам динине толук дал келүүгө тийиш. Ачууга алдырып же сезимге жеңдирип, ар кандай чукул кадамга баруу жакшы иш эмес. Момун киши сабырдуулукту, айкөлдүктү, толеранттуулукту көрсөтүп, кай жерде болсо да исламды чагылдырат. Ал суктанарлык адеп-ахлагы жана жүрүм-туруму менен динге чакырат.

Даярдаган: Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев


[1] https://sorularlaislamiyet.com/islamin-sevgi-baris-ve-hosgoru-dini-olduguna-dair-ornekler-verir-misiniz

[2] Исра сүрөсү, 70

[3] Муслим, Жанаиз, 78, хадис №1596

[4] Хаким, Мустадрак, 4/183, №: 7307

[5] Дарими, Сияр, 3

[6] Имам Бухари, 1356

[7] Бакара сүрөсү 2/256

[8] Ниса сүрөсү, 58

[9] Мумтахина сүрөсү, 8

[10] Бухари, 6914

[11] Имам Ахмад, 19864; Имам Абу Дауд, 2760

[12] Муслим, 2613

[13] Ахмад ибн Ханбал, 1979

[14] Анкабут сүрөсү, 46

[15] Имам Ахмад, 8729

[16] Бухари, Ахкам, 1, Жумъа 11, Истикраз 20, Итк, 17, 19, Васайа 9, Никах 81, 90; Муслим, Имаарат, 20, (1829); Тирмизи, Жихад 27, 1705; Абу Дауд, Имаарат 1, (2928)

[17] Аали Имран, 110

[18] Бухари, Илим 12

[19] Анаам сүрөсү, 108

[20] Маида сүрөсү, 51; Кахф, 4-5; Ниса, 171; Бакара, 111 ж.б.