Кочкордо имамдарга жыйын болуп, айрымдарына грамоталар тапшырылды

Нарын облустук мусулмандар казыятынын Кочкор районунун хатибиятында имамдарга жыйын болуп, айрымдарына грамоталар тапшырылды. Бул тууралуу Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, кечээ 21- декабрь күнү райондогу бардык мечиттердин имамдарына чогулуш өткөрүлдү. Анда алгач имамдарга эки сааттык программанын негизинде «Адамдын өзүн баалай билүүсү» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарда  бүгүнкү күндө имамдардын коомдогу орду маанилүү экендигин жеткирип, имамдарды иштерине шыктандыруу максатында  өткөрүлдү. Аталган  семинарды Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев, Кочкор районунун жаштар кеңешинин төрагасы  Мирбек Асанбеков менен биргеликте өткөрүштү.

Семинардан соң 2020-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, алдыңкы кызмат кылган 7 имамга громаталар тапшырылды. Громата тапшыруу аземине Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким  Темирболот Абыкеев катышып, имамдарга сыйлыктарды тапшырды.

Темирболот Абыкеев имамдарга ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду.

«Имамдардын бүгүнкү күндө кылып жаткан иштери чынында зор эмгек.   Ислам дининин аруулугун карапайым калкка жеткирип, элибиздин амандыгы, бүтүндүгү үчүн эмгектенип келесиздер. Ишиңиздерге ийгилик каалайм»,— деди аким.