Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби окуучуларды тазалыка чакырды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков аталган шаардын Көк-Таш айыл башкармалыгында жайгашкан  №7 орто мектебинин 9-классынын окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабда Майлуу-Суу шаардык хатибиятынан билдирди.

Абсатар ажы окуучуларга тазалык  боюнча баяндамасын жасап, окууларына ийгиликтерди каалады.

“Тазалык эки түрдүү болот. Биринчи жан дүйнөнүн тазалыгы, башкача айтканда жүрөктүн тазалыгы. Жүрөктөрүбүз тардыктан, көрө албастыктан, сараңдыктан, кастыктан, эки жүздүүлүктөн таза болуусу зарыл. Экинчиси жалпы тазалык, бул кийимибиз, денебиз, короо жайыбыз, колдонгон буюмубуз ж.б. Баары таза болсо жагымдуу болот. Ислам динибиз дагы тазалыкты сүйөт”,-деди Абсатар ажы.