Жети-Өгүз районунун борбордук мечитинин кире бериши жылууланып, жаңы даарткана салынып жатат

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы борбордук мечитинде кошумча курулуш иштери жүрүп жатат. Тактап айтканда, мечиттин кире беришине чатыр орнотулуп, тегерек чети жылуулаланып, жаңы даараткана дагы кошо салына баштады.

Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди. Анын айтымында, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын май айында башталган. Аны Кызыл-Суу айылынын тургундары демилгелеп, жергиликтүү жаштар менен демөөрчүлөр ишке ашырышууда.

«Бүгүнкү күндө курулуштун дээрлик 70-80 пайызы аяктап калды. Эми буюрса иштер ушул эле нукта улана турган болсо кошумча курулуштар эмдиги жылы ишке берилмекчи. Белгилей кетсем, былтыр ушул эле айыл тургундарынын көмөгү менен борбордук мечитке хатибияттын кеңсеси, сопукана, жамаат менен дааватчылардын ыңгайлуулугу  үчүн колдонулуп жаткан беш бөлмөлүү имарат курулган  жана мечиттин аталышы анын бооруна жаздырылган”,— деди Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби  Талантбек Акылбек уулу.