Бишкек шаардык Борбордук мечити оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан колдонууга берилет

Бүгүн, 24-декабрь күнү Бишкек шаардык Борбордук мечитин оңдоп-түзөөдөн кийин мечит кызматкерлери тарабынан жалпы тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Үч айдын ичинде мечиттин ички тарабы толугу менен кайрадан жаңыланып, улуттук колорит менен жасалды. Бардык чыгымдар соопчулук үчүн жеке адамдар тарабынан каржыланды. Мечит расмий түрдө 25-декабрь жума күнү колдонууга берилет.  

«Мечитибизди үч айдын ичинде оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Анткени мечит капиталдык ремонтко муктаж болуп калган эле. Демөөрчүлүк кылгандарга Алла Таала ыраазы болсун. Элибиздин берешендигин ушул жерден байкасак болот. Алгач бир аз ички тарабын оңдоо ниети менен баштаганбыз. Бирок, жеке жарандар келип мен бул жагын жасап берейин деп улам-улам жасалып жатып, ички тарабы толугу менен жаңыланды. Баса белгилеп айтуучу нерсе казыят кызматкерлери, мечит кызматкерлери каражат ишине бир да аралашкан жок. Соопчулук үчүн келген жарандар өздөрү көзөмөлгө алышты»,- деди Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев.