Көк-Жаңгак шаарындагы «Кавсар» мечитинин имамына «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү авто унаа белеке берилди

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынын Көлмө участкасында  жайгашкан “Кавсар” мечитинин имамы Максат Ахмедовго аталган шаардын Орусияда, Казакстанда жана Бишкекте  эмгектенген жаштары чогулуп, өз ыктыярлары менен «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү авто унааны белекке беришти.

Бул тууралуу Көк-Жаңгак шаарынын имам хатиби Мирлан Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, жаштар жамааты имамдын элге жасаган ак кызматын баалап, мындан ары да талыкпай эмгектене берүүсүнө тилектеш экенин билдиришип, унаа белек кылышкан.

“Максат имамыбыз менен бир канча жылдан бери кызматташып келе жатабыз. Өз ишинде  жоопкерчиликтүү. Муфтият жана казыят тарабынан берилген буйрук, тапшырмаларды убагында так аткарат. Унаасы кут болсун! Имамдарды колдоого алган жаштарыбызга да ыраазычылык билдиребиз ”,- деди Мирлан ажы.