Муфтият жана банк кызматкерлери үчүн Исламдагы банк системасы боюнча 3 күндүк окуу семинары башталды. Окууну бахрейндик лектор Ибрагим Эсса өтүүдө

Бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарында Исламдагы банк системасы боюнча дин кызматкерлери жана банк тармагында иш алып барган адистердин катышуусунда атайын окуу курсу башталды. Окуунун алгачкы күнүндө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев лектор Кыргызстанга илимий сапары менен Бахрейн өлкөсүнөн келген дүйнөгө белгилүү дин аалымы, Ислам банк системасы боюча бир катар өлкөлөрдө лекция өткөн Ибрагим Эсса менен жолугушту.

Жолугушууда Азирети Муфтий Ислам дининин асыл баалуулуктарына жана соода-сатыкта адилеттүүлүк боюнча айтып, окууга катышкандарга ийгиликтерди каалады.

“Ислам дини ибадат менен эле чектелбестен адамдар ортосундагы алыш-бериште, соодагерчиликте Пайгамбарыбыз (САВ) эң берекелүү, нурлуу жана адилеттүү жолду көрсөтүп кеткен. Мына бүгүнкү ааламдашуу доорунда айрым банктар шариятка ыңгайлашып, өнүгүү жолуна багыт алды. Ислам системасында иш алып барган банктар дүйнөнүн көп мамлекеттерине таанылып, суроо-талап көбөйүп жаткан учуру. Бул элдин талабы”,-деди Азирети Муфтий.

Үч күнгө созулган окуу курсун Эл аралык AAOIFI (Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудитордук уюмунун) өкүлдөрү өтүшүүдө.

Уюштуруучулардын бири “Алхамд Евразия” шария эдвайзери сервисинин жетекчиси Акжигит Кокоевдин айтымында, курстун максаты — каржы механизмдеринде иш жүзүндө колдонулушун эске алуу менен, шарияттын негизги стандарттары жана принциптери жөнүндө катышуучуларга кененирээк билим берүү.

“Курстун максаты банк системасында адал жумуш жасап, коомчулукка пайда алып келүү. Ислам банкы рейтинги жагынан алдыда турат. Мусулман мамлекеттеринде гана эмес Европада дагы өнүгүп, шарияттын негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышат. Курста банктык каржылоо шариятта кандай жүрөт? Анын негизги стандарттары боюнча катышуучуларга кенен маалымат берилип, окуунун жыйынтыгында сертификаттар тапшырылат”,-деди Акжигит Кокоев.

Курсту атайын Бахрейн өлкөсүнөн келген, дүйнөгө белгилүү дин аалымы, Ислам банк системасы боюча бир катар өлкөлөрдө лекция өткөн Ибрагим Эсса өтүүдө. Ал өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, Исламдагы банк системасынын артыкчылыгына токтолду.

“Окуу курсунан кийин Орто Азия өлкөлөрү анын ичинде Кыргызстанда Ислам банк системасын ишке киргизишине, мындан дагы өнүгүү жолуна түшөт деген ишеничтемин. Менин жеке пикиримде эң туура каржылоо бул Ислам системасы. Муну пайдаланган кардар эч кандай чыгымга учурабайт. Мындан улам дүйнөнүн көп өлкөлөрү ушул системаны тандап алышууда. Кыргызстанда болсо Улуттук Банк аталган системаны ишке киргизип, бүгүнкү күндө айрым банктар кызмат көрсөтүп жатат”,-деди Ибрагим Эсса.

Аталган окуу курсуна Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адистери, КМБДнын түзүмүндөгү облустук казыяттын кызматкерлери катышууда. КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Бактыяр ажы Токтогазы уулу окуу курсу тууралуу буларга токтолду.

“Коомчулук тарабынан шариятка шайкеш келген банк системасынын кызматтарын пайдалануу тездик менен өсүп жатат. Буга акыркы убактарда эл тарабынан суроо-талаптын көбөйүшүнөн улам коммерциялык банктар дагы Ислам банк системасын тейлеген кызматтарын ача баштады. Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда акырындык менен өнүгүү жолунда. Бул окуудан кийин калкыбызга Ислам банкынын шарияттагы жол-жобосу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”,-деди Бактыяр ажы Токтогазы уулу.