Баткен районунун имамдары үчүн окуу курсунун экинчи айлампасы болуп өттү

Кечээ, 22-декабрда Баткен районунун имамдарынын билимин жогорулатуу курсунун экинчи айлампасы  болуп өттү.

Баткен облустук мусулмандар казыяты жана  Баткен райондук хатибияты менен биргеликте уюштурган окуу курсуна  буга чейин окууга катышпаган имамдар катышып, имамдарга зарыл болгон акыйда, хадис, фыкх, сабактарынан  билимдерин жогорулатты.

Окууну казыяттын жана Баткен райондук хатибиятынын адистери өттү.

Жыйынтыгыгында курска катышкан имамдарга атайын сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле имамдар 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарып, бул жылда жетишилген жеткешкендиктерди менен чечилбей жаткан маселелерди талкууга алышты.

Муну менен катар район аймагында эң мыкты иш алып барган имамдарга казыят жана хатибияттын сыйлыктары тапшырылды.

Баткен районунун баш имамы Муса ажы Жолдошовдун айтымында, Баткен казыятынын жана хатибияттын сыйлыктарына ээ болгон имамдар:

  1. Нур-Ислам мечитинин имамы:  Исломидин Назаров
  2. Максым ата мечитинин имамы Жунусали Сейдахматов
  3.  Абу Бакр Сыддык мечитинин имамы Эшим Баширов
  4. Аррахман мечитинин исамы Манас Абдипатта уулу.