КМДБнын түзүмүндөгү облустук жана шаардык казылар жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчёт тапшырышты

Бүгүн, 22-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 7 облус, 2 шаардын казысы 2020-жылдын январь айынан декабрга чейин аткарган ишмердүүлүгү боюнча жылды жыйынтыктаган отчётторун тапшырышты.

Отчёттук жыйынга Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, КР ДИМК директору Акин Токталиев, Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Кадыр ажы Маликов, КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов, КМДБнын бөлүм башчылары жана облустук жана шаардык казылар катышты.

Жыйында облус казылары:

1.            КМДБ тарабынан чыгарылган буйруктардын аткарылышы;

2.            Казыят тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын тизмеси;

3.            Садака-фитир;

4.            Мечиттердин мамлекеттик каттоодон өтүшү;

5.            Имамдардын отчёту;

6.            Нике каттоо журналы;

7.            Кайрымдуулук иш-чаралары боюнча маалымат;

8.            2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын КМДБга тиешелүү пункттарын жүзөгө ашышы.

Аталган пунктун ар бирине казылар токтолуп, КМДБнын кызматкерлери тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

«Дин кызматкерлери шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу керек жана коомчулукту тынчтыкка, биримдикке чакырып, конфессиялар аралык алаканы бекемдейли. Ошондой эле нике каттоо журналы менен иштөөнү күчөтүп, бул боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз зарыл»,-деди Азирети Муфтий.

Жыйынтыгында Азирети Муфтий, КМДБнын бөлүм башчылары казыларга жасаган ишмердүүлүгү тууралуу суроолорун жана өз сунуштарын беришип, казылардын жыл жыйынтыктаган отчётторуна “жакшы” деген баа берилди.

Муну менен катар 2021-жылга карата КМДБ тарабынан сунушталган иш-чаралардын мерчеми талкууланып, бир катар тапшырмалар берилди.