Ноокен районундагы “Арал” мечитинин алдына курулган чатыры пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Арал айыл аймагынын «Арал» жума  мечитинин алдыңкы тарабына узундугу  30 метр, туурасы 13 метр болгон чатырдын курулуш иштери бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Бул туурасында райондун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов билдирди.

Баш имам хатибдин айтымында, курулушка жалпысынан  620,000 сом акча каражаты сарпталган. Курулуш толугу менен бүтүшүнө Орусияда эмгектенген жаштар жана жергиликтүү тургундар демөөрчүлүк кылган.

Тактап айтканда Орусияда эмгектенген жаштар 332 000 сом, ал эми жергиликтүү тургундар тарабынан 288 000 сом сарпталган.

Ал эми мечиттин короосуна Рафил Ибрагимов аттуу жеке ишкер 45 000 сомго сары таш төшөгөн.

“Бул курулуштун бүтүшүнө айыл тургуну Мадаминжан Токторов агабыз жана айыл аймак имамы Мелисбек Кадырбеков дамблабыз демилге көтөрүшүп, убактыларын бөлүшүп, каражаттарды сарамжалдуу пайдаланып, орду менен жумшап эл ишеничине ээ болушту. Бардык салым кошкон, кызмат кылган мекендештерибизге ыраазычылык билдиребиз”,- деди  Ашим ажы Абидинов.