Ак-Талаа районунда 18 мектепте окуучулар менен жолугушуу өткөрүлдү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу жана балдарды туура тарбиялоо алкагында баарлашуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, иш-чара декабрь айынын 14нөн 18не чейинки аралыкта Ак-Талаа районуна караштуу болгон 18 мектепте ата- энелердин, мугалимдердин жана жергиликтүү имамдардын катышуусунда  жүргүзүлгөн.

«Жогоруда айтылгандай баарлашуу үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу жана балдарды туура тарбиялоо темасында болду. Ага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын райондук билим берүү бөлүмүнүн жана башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле Ак-Талаа районунун баш имам хатиби болуп өзүм катышып, биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүздүк»,- деди баш имам хатиб.