Ала-Бука райондук хатибияты борбордук базардагы эт сатуучулар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун баш имам  хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев райондук ветеринардык дарыгер Жумабай Турсунбаев жана участкалык милиция кызматкери Токтосун Жорокулов менен биргеликте райондун борбордук базарындагы эт сатуучу дүкөндөргө рейд жүргүзүштү.

Мындай рейд эт азыктарын сатууда касапканалар адалдыка жана тазалыгы талапка жооп бербей турганын айтып, жергиликтүү тургундар райондук хатибиятка кайрылуу жолдошкон.

Мунун негизинде Ала-Бука райондук хатибияты мамлекеттик орган кызматкерлери менен биргеликте касапчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

“Сиздерге жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан улам  келип олтурабыз. Тилекке каршы айрым  эт сатуучу бир туугандарыбызга жергиликтүүлөр нааразычылыгын билдиришти. Алардын айтымында, эчкинин этин кой эти, кочкордун этин, ургаачы койдуку деп саткандар бар экен. Ислам — тазалыктын, адилеттүүлүктүн дини. Ошондуктан сиздерден алдабастан адал соода кылууңуздарды суранабыз. Сооданын берекеси адалдыкта”,-деди Шумкарбек ажы.