Нарын районунун имамдарына көмүр таратылды

Нарын районунун айылдарындагы мечиттердин имамдарына 1 тоннадан көмүр таратылып берилди. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, жеке ишкер, демөөрчүлөр тарабынан  Нарын районунун айылдарындагы кээ бир  имамдардын ар бирине 1 тоннага жакын көмүр акысыз таратылып берилди.

«Имамдарыбыз бир тоннадан көмүр алып, ыраазычылгын билдиришти. Демөөрчүлөргө Аллах ыраазы болсун»,- деди Нарын районунун баш имам хатиби.