Кызыл-Кыя шаардык хатибияты аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө көмүр таратты

Баткен  облусундагы  Кызыл-Кыя шаардык хатибияты шаарда жашаган  муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жардам иретинде акысыз көмүр таратты.

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязовдун айтымында, кайрымдуулук шаардагы мечиттер менен биргеликте уюштурулуп, 100 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү . Ал эми  аз камсыз болгон бир туугандарыбыз көмүр тараткан жарандарга жана Кызыл-Кыя шаардык хатибиятына терең  ыраазычылыгын билдиришти.

«Аллах Таалам кээ бирин байлык берип сынаса, кээ бирин кембагал кылып сынайт. Ал эми динибиз жардамга муктаж жарандарга көмөк көрсөтүүгө үндөйт. Биз келечекте бул сыяктуу кайрымдуулук иштерин улантабыз»,-Мукадас ажы Кожониязов.