Баткен районундагы «Абу Бакр Сыдык» мечити аксакалдарга белек берип сыйлады

Бүгүн, 25-декабрь күнү Баткен районундагы «Абу Бакр Сыдык»  мечитинде  аксакалдарга белек берип сыйлады.

Иш-чара Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов тарабынан уюштурулду.Саамалыктын алкагында «Абу Бакр Сыдык» мечитинин аксакал жамаатына мечит кызматкерлери тарабынан селде жана тасбихтер белекке берилди. Ал эми аксакалдар жалпы элибизге жана мечит кызматкерлерине ишине ийгиликтерди каалап, ак батасын беришти.

«Хадистерде жашы улууларды өздөрүңөргө баш кылгыла, кайсыл топто жашы улуу киши баш болсо, ага сый көрсөтүү керектиги  айтылат. Демек улуулардын урматы болоорун эстен чыгарбашыбыз ылаазым. Улуу адам келсе, аны өзүндөй өйдө өткөрүүгө, аны тамак менен да, сөз менен да, урмат менен да сыйлоого тийишпиз»,-деди уюштуруучулар.